18-берене
Күчүндө · 31.12.2020 редакциясы
1. Пилоттук министрликтердин 2020-2022-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчетторду ар бир кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
2) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн кызматчылардын жана кызматкерлердин эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктөрдү) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.
Берененин тексти 31.12.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112001/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>