# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112001)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2020 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2020 год и прогнозе на 2021-2022 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112073)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112001#diff=1030991..1030992>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2803/edition/1030991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112001/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө, 14-берене (31.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-14

---

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары, анын ичинде атайын эсептерде топтолгон, бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесин бузуу менен атайын эсептерге киргизилген каражаттар тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мекемелерди, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жабышсын. Көрсөтүлгөн ченемдерди бузганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. (КР 2020-жылдын 8-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-15)
