# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112001)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2803/edition/1030991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112001/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (31.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү 1967300,0 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытташсын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашалардын толук каржыланышына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу болот.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда теңдөөчү трансферттердин өлчөмү кийинки үч жылда азайтылууга жатпайт.

6. Жеке кирешелерди (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйткөнү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралсын.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-13)
