10-берене
Күчүндө · 31.12.2020 редакциясы
1. 2020-2022-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы:
- 2020-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 85 пайыз, республикалык бюджетке - 15 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
- 2022-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуулардан салык:
- 2020-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 25 пайыз, республикалык бюджетке - 75 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
- 2022-жылы - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдаланганы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу казындыларды (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз, республикалык бюджетке - 50 пайыз өлчөмүндө;
5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
6) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке - 93 пайыз өлчөмүндө;
7) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке - 80 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
Берененин тексти 31.12.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112001/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>