# КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2788/edition/984139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111986

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 13-декабры № 138 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 31-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111986/st-1)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлү - салыктык эмес кирешелерди тескөөдө жана тиешелүү бюджетке өндүрүп алууда төлөөчүнүн атынан белгиленген тартипте чыгууга укуктуу жак;";

2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.";

3) 140-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жеке нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде бирдиктүү төлөм менен төлөнөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111986/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он төрт күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 104 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
