# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111982)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-декабрындагы № 135 "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111982#diff=1277040..1277041>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111982/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2784/edition/1277040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111982/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө, 5-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111982/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргеликте окуучулардын тамактануусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат жана жоопкерчилик тартат.

Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун каржылоо, уюштуруу, тамактануусунун коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана айыл жеринде жалпы билим берүү уюмдарына мектеп алдындагы чарбаны уюштуруу үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан жер үлүштөрүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүп берүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.

Мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111982/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111982/st-6)
