5-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргеликте окуучулардын тамактануусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат жана жоопкерчилик тартат.
Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун каржылоо, уюштуруу, тамактануусунун коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана айыл жеринде жалпы билим берүү уюмдарына мектеп алдындагы чарбаны уюштуруу үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан жер үлүштөрүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүп берүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
Мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн, кошулду: Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү жаатындагы … жана сапатын камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары … алдындагы чарбаларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралы № 46 "Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө"Постановление · 16.02.2021 · № 46
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 46 токтомуПостановление · 16.02.2021 · № 46
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111982/st-5" title="5-берене - Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>