2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) окуучулардын тамактануусу - окуучулардын энергия запасын толтуруу, өсүү жана физиологиялык өнүгүү процесстерин ишке ашыруу үчүн тамак-аштын жардамы менен окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо;
2) меню - жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларында берилүүчү тамактардын жана суусундуктардын тизмеги;
3) ашкана - менюнун негизинде тамактануу үчүн азыктарды өндүрүүчү жана сатуучу коомдук тамактануу түйүнү;
4) буфет - жогорку даражада даярдалган жарым фабрикаттардан жасалган азыктардын чектелген ассортиментин, муздак, жеңил тамактарды, оңой даярдалган ысык, таттуу тамактарды, ундан жасалган кулинардык, булочка жана кондитердик азыктарды сатуучу коомдук тамактануу түйүнү;
5) мектеп алдындагы чарба - окуучулардын тамак-аш рационун кеңейтүү максатында жалпы билим берүү уюмунун аймагындагы айыл чарба продукциясы өстүрүлүүчү участок.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111982/st-2" title="2-берене - Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>