# 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана жөнгө салуу предмети

- Документ: [Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111982)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-декабрындагы № 135 "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111982/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2784/edition/1277040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111982/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө, 1-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111982/st-1

---

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жалпы билим берүү уюмдары) 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу тартибин аныктайт. Ушул Мыйзамдын максаты жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун алардын тамак-аш заттарына жана энергияга болгон курактык физиологиялык керектөөлөрүнө, сарамжалдуу жана теңдемделген тамактануу принциптерине туура келген менюга ылайык камсыз кылуу үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111982/st-2)
