Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен CASA-1000 Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 3-декабры № 133 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен CASA-1000 Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 13-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен CASA-1000 Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 101 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.