# КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111977>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2779/edition/1120330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111977.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111977

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 21-ноябры № 130 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2019-жылдын 23-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111977/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 43-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоону кепилдейт.";

2) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык санкцияларды" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өндүрүүнү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 54-берененин 8-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 83-берененин 5-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) бузуулар боюнча иштер жөнүндө;";

5) 87-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 90-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Салык төлөөчүнүн салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө салыктык санкцияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык чараларды колдонууга негиз болуп саналбайт.";

7) 106-беренеде:

а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Табылган бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон салык төлөөчүнүн жасаган бузуулары боюнча салык кызматы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт жана токтом чыгарылат.";

б) 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 122-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда "жана администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;

9) 134-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө ", администрациялык жана/же кылмыштык укук бузуу белгилерин камтыбаган" деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчилик ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде белгиленет.";

10) 137-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111977/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы N 98 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
