22-берене
Күчүндө · 20.10.2021 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "22-берене. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.
2. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар Бишкек шаарынын мэри боло албайт.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111965/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>