5-берене
Күчүндө · 16.11.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-берене "башка мамлекеттик органдар менен" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 22-берененин 1-бөлүгүндө:
а) расмий тилдеги текстинде "опубликование нормативных правовых актов производится" деген сөздөр "проекты нормативных правовых актов публикуются" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде (доскаларда, стенддерде) жайгаштырылышы мүмкүн.";
3) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон, тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары;";
4) 29-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актылары Өкмөт тарабынан аныкталган басма сөз же электрондук басылмада, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде (доскаларда, стенддерде) жарыяланышы мүмкүн.";
б) 4-бөлүк "чыккан күн" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын тексти атайын көрүнүктүү жерлерде жарыяланган күн" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111962/st-5" title="5-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>