3-берене
Күчүндө · 16.11.2022 редакциясы
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "16-берене. Шаардык кеңештин чечимдери
1. Шаардык кеңеш өз компетенциясынын чегинде чечимдерди токтом жана тескеме түрүндө кабыл алат.
2. Шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Шаардык кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
3. Шаардык кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аны аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөөчү мүнөздөгү акт.
Шаардык кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү тарабынан кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Шаардык кеңештин чечимдери менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Ош шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111962/st-3" title="3-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>