Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Атайын класстык чен
Күчүндө · 08.08.2019 редакциясы
Атайын класстык чен - бул юстиция органдарынын, соттордун аппаратынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын ар бир кызматчысына ишинин стажына, билимине жана ээлеген кызмат ордуна ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.";
3) 7-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кенже, орто жана улук аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарылат.";
4) 10-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-1-статья. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылуучу класстык чендер Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат: мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси; мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси; мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат: муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисине чейинки улук класстык чендер шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын, айылдык аймактын жетекчисинин, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисине чейинки жогорку класстык чендер республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчисинин, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.";
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 10-2-статья менен толукталсын:
"10-2-статья. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чендер Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат: мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору; мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору; мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору; мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору; мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси; мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси; мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси; мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси; мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат: муниципалдык кызматтын кенже инспектору; муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору; муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору; муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору; муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси; муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.";
6) 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Юстиция органдарынын, соттордун аппаратынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын класстык чендер Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын, сотторунун аппараттарынын жана Сот департаментинин, прокуратура органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын класстык чендер ыйгарылат: кенже юрист; 3-класстагы юрист; 2-класстагы юрист; 1-класстагы юрист; юстициянын 3-класстагы кеңешчиси; юстициянын 2-класстагы кеңешчиси; юстициянын 1-класстагы кеңешчиси; юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси; юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси; юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.";
7) 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди сактоо, ыйгаруу, ажыратуу жана төмөндөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.";
8) Мыйзамга тиркеме ушул Мыйзамга тиркемеге ылайык баяндалсын.
Берененин тексти 08.08.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111960/st-6" title="6-статья - Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>