# 1-берене

- Документ: [Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111960)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 8-августундагы № 113 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111960/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2762/edition/1129620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111960/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (08.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111960/st-1

---

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды классификациялоо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, бажы кызматтарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт: кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы аскер кызматчысынан (курсанттан) тартып улук прапорщикти кошо алганда; орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып капитанды кошо алганда; улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти кошо алганда; жогорку аскердик жана атайын наамдар - генерал-майордон тартып жана андан жогору. Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт: орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып салык кызматынын 1-рангдагы инспекторун кошо алганда; улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен тартып салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисин кошо алганда; жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери өзүнө төмөнкүдөй класстык чендерди - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо алганда камтыйт. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүлөргө бөлүнөт: улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда; жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт: орто класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунан тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда; улук класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда; жогорку класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору. Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт: орто класстык чендер - муниципалдык кызматтын кенже инспекторунан тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда; улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда; жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда. Атайын класстык чендер төмөнкүдөй бөлүнөт: орто атайын класстык чендер - кенже юристтен тартып 1-класстагы юристти кошо алганда; улук атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы кеңешчисинен тартып юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда; жогорку атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору. Аскердик наамдардын, класстык чендердин, атайын класстык чендердин жана атайын наамдардын өз ара катышы тиркемеге ылайык аныкталат.";

2) 5-1 жана 6-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-1-статья. Класстык чен Класстык чен - бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген саясий мамлекеттик кызмат ордун же атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген, ошондой эле административдик мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген, ишин акы төлөнүүчү негизде жүргүзгөн ар бир адамга анын ээлеп турган кызмат ордуна, иш стажына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жагдайларга ылайык жеке өзүнө ыйгарылуучу атайын наам.

---

Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111960/st-6)
