# 87-берене. Кызматкердин сөөгүн коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 87-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-87

---

1. Кызматтык ишин өтөп жаткан убакта курман болгон (өлгөн) же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат өтөө мезгилинде алган залалдын, жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен өлгөн кызматкердин сөөгүн коюу укук коргоо органдарын каржылоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат жана укук коргоо органдарынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан уюштурулат.

2. Кызматкерлердин сөөгүн коюу зыйнатын жасоо тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-88)
