# 86-берене. Кызматтан бошотуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 86-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-86

---

1. Кызматкер менен түзүлгөн контрактты токтотуу же бузуу, аны кызматтан бошотуу укук коргоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кызматтан бошотулуп жаткан кызматкер белгиленген тартипте өзүнө бекитилип берилген куралды, мүлктү, документтерди, кызматтык күбөлүгүн жана жетонун өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Кызматкер укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектелген курагына жеткенде кызматтан бошотулган учурларды кошпогондо, кызматтан бошотуу аскердик эсепке тургузуу менен запаска чыгаруу аркылуу жүргүзүлөт.

4. Кызматтан бошотуу тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталат.

5. Жаш курагынын жеткендигине, укук коргоо органын кайра уюштурууга, жоюуга же штаттык санын кыскартууга байланышкан, ошондой эле кадыр-баркын кетирген жосундарды жасаган учурларды кошпогондо, кызматкерди ал убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилде, өргүүдө же иш-сапарда жүргөн мезгилде кызматтан бошотууга жол берилбейт.

6. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерлер убактылуу карамакта болуу мөөнөтү аяктагандан кийин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кызматтан бошотулат.

7. Курман болгон (өлгөн), белгиленген тартипте дайынсыз деп таанылган же өлдү деп жарыяланган кызматкер укук коргоо органынын өздүк курамынын тизмесинен курман болгон (өлгөн) күндөн же кызматкерди дайынсыз деп таануу же өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып чыгарылат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-87)
