# 85-берене. Кызмат өтөө курагынын чектелген жашына жеткени боюнча контрактты токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 85-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-85

---

1. Укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектелген курагы төмөнкүдөй:

1) жогорку жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

а) 60 жашка толгондо отставкага бошотулат;

б) 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

2) укук коргоо органдарынын окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамында кызмат орундарды ээлеген жана илимдин кандидаты, илимдин доктору илимий даражасы, доцент, профессор илимий наамы бар кызматкерлер - 60 жашка толгондо отставкага бошотулууга жатат;

3) ортоңку жана улук жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

а) 55 жашка толгондо отставкага бошотулат;

б) 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

4) кенже жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

а) 50 жашка толгондо отставкага бошотулат;

б) 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

5) катардагы жана жетекчилик курамдын атайын наамы бар аялдар 45 жаштан запаска бошонууга укуктуу.

2. Кызматкер укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектелген курагына жеткенде контракт токтотулат жана кызматкер запаска же отставкага кетет.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-86)
