# 83-берене. Укук коргоо органынын демилгеси боюнча контрактты бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 83-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-83

---

1. Укук коргоо органынын демилгеси боюнча контрактты бузууга жана кызматтан бошотууга кызматкерди бул тууралуу кабарландырган шартта төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) контрактты бузуу жөнүндө кабарландырылган күндөн 2 айдан эрте эмес - ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында каралган негиздер боюнча;

2) контрактты бузуу тууралуу кабарландырылган күндөн 2 жумадан эрте эмес - ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 5, 10, 11, 13, 14, 15 жана 17-пункттарында, ошондой эле 3-бөлүгүнүн 6 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин контракт кызматкердин макулдугу менен бузулушу мүмкүн.

3. Чектелген жаш курагына жеткен, укук коргоо органын кайра уюштуруу, жоюу же штаттык санын кыскартуу учурларын, ошондой эле кадыр-баркты кетирүүчү жорук жасаган, ишенимди жоготкон жана кызматтык тартипти одоно бузган, кызматкер күчүнө кирген сот чечиминин негизинде жасаган кылмышы үчүн соттолгон жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте реабилитацияланууга тиешелүү негиздер боюнча кылмыштык куугунтуктоо токтотулган учурларды эске албаган кызматкерге карата кылмыштык куугунтуктоо токтотулган учурларды кошпогондо, кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыз болгон мезгилде, же болбосо ал өргүүдө же иш сапарында жүргөн мезгилде укук коргоо органынын демилгеси боюнча контрактты бузууга жол берилбейт.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-84)
