# 82-берене. Кызматкердин демилгеси боюнча контрактты бузуу жана кызматтан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 82-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-82

---

1. Кызматкер бошотула турган датасына чейин эки жума мурда, бекитилген тартипте билдирме берүү менен, жеке демилгеси боюнча контрактты бузууга жана кызматтан бошоого укуктуу.

2. Укук коргоо органынын жана кызматкердин макулдугу боюнча кызматкер билдирме берген учурдан тартып эки жумалык мөөнөттөн эрте бошотулушу мүмкүн.

3. Кызматкер контрактты бузуу тууралуу билдирме бергенден кийинки 2 жума аралыгында өз билдирмесин жазуу жүзүндө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда кызматкер менен түзүлгөн контракт бузулбайт жана кызматтан бошотулбайт.

4. Кызматкер контрактты бузуу тууралуу эскертүү мөөнөтү аяктагандан кийин белгиленген тартипте ага бекитилип берилген куралды, мүлктөрдү, документтерди, кызматтык күбөлүгүн жана жетонун өткөрүп берген шартта кызматтык милдеттерин аткарууну токтотууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-83)
