# 80-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөн бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 80-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-80

---

1. Укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан кызматкер контракт токтотулгандыгына же бузулгандыгына байланыштуу кызматтан бошотулат.

2. Контрактты токтотуу же бузуу үчүн негиздер:

1) (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) кызматкердин укук коргоо органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жетиши;

3) өз каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө рапорт;

4) пенсия алууга укук берген иштеген жылдарынын болушу;

5) аттестациялык комиссиянын чечимин эсепке алуу менен кызматкердин укук коргоо органдарында ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегендиги;

6) Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган кызмат өтөө тартибин одоно бузгандыгы;

7) ден соолугунун абалы боюнча - аскердик-дарыгердик комиссиянын укук коргоо органдарында кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жана кызмат боюнча жылдыруу мүмкүндүгү болбогондо кызматтык милдеттерин ээлеп турган кызмат ордуна ылайык аткарууга мүмкүн эместиги тууралуу корутундусунун негизинде;

8) укук коргоо органынын жоюлушу;

9) укук коргоо органынын штаттык санынын кыскарышы;

10) кызматкердин укук коргоо органдарындагы, анын аймактык органындагы же бөлүгүндөгү кадрлардын карамагында туруу мөөнөтүнүн аякташы;

11) ушул Мыйзамдын 31-беренесине ылайык кызматкердин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөдөн жүйөлүү себептерсиз баш тартышы;

12) контракттын кызматкерге карата шарттарынын бузулуусу;

13) контракттын шарттарынын кызматкер тарабынан бузулуусу;

14) мыйзамдарда бекитилген чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын кызматкер тарабынан сакталбагандыгы;

15) эгерде кызматтык милдеттерин аткаруу мамлекеттик сырды жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн талап кылса, мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушу, кызматкерди которуу үчүн мүмкүнчүлүк болбогон учурда;

16) контракт шарттарынын өзгөртүлүүсү жана кызматкердин кызмат өтөөнү улантуудан баш тартуусу;

17) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы иш-аракеттерге дене-бойлук даярдыгынын жана кесиптик жарамдуулук деңгээлинин ылайык келбегендиги.

3. Контракт төмөнкүлөргө байланыштуу бузулат, ал эми кызматкер укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөн бошотулат:

1) оорусуна байланыштуу - аскердик-дарыгердик комиссиянын укук коргоо органдарындагы кызматка жараксыздыгы жөнүндө корутундусунун негизинде;

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча кызматкер аракетке жөндөмсүз же жарым-жартылай жөндөмдүү деп таанылгандыгына байланыштуу;

3) укук коргоо органдарында башка кызмат орунга жылдырууга мүмкүн эместигине же кызматкердин жылдыруудан баш тартуусуна байланыштуу;

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгына же чет мамлекеттин жарандыгын (чет мамлекетте убактылуу жашап туруу укугун) алуу үчүн документ тапшырганына, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз жазганына байланыштуу - арыз берилген күнү;

5) кызматкер укук коргоо органдарына кызматка кирип жатканда жасалма документтерди жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги жөнүндө аныкталган фактыга байланыштуу, ошондой эле укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан мезгилде кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укук коргоо органдарында тиешелүү кызмат ордун ээлөө шарттарына тиешелүү бөлүгүндөгү талаптарына ылайык келерин ырастаган жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергендигине байланыштуу, эгерде бул жазык жоопкерчилигине же болбосо жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке алып келбесе;

6) үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жакын туугандык же куда-сөөктүк мамиледе болгон кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдонуусуна байланышкан жагдайларды жоюу максатында кызматкердин укук коргоо органдарында башка кызмат ордуна которулуудан баш тартуусуна байланыштуу;

7) соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде кызматкердин кылмыш же жорук үчүн соттолгондугуна байланыштуу;

8) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында белгиленген тартипте реабилитациялоочуларга кирген жагдайлар боюнча токтотулган учурларды кошпогондо, кызматкерге карата жазыктык куугунтуктоо токтотулгандыгына байланыштуу;

8-1) Кызматкердин жакын туугандары уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылгандыгына байланыштуу;

9) кызматкер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына убактылуу карамакта болууга жиберүү тартибинде жиберилген учурларды кошпогондо, кызматкерди башка мамлекеттик органга которууга байланыштуу;

10) Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган, беделди кетирүүчү жосун жасагандыгына байланыштуу;

11) ушул Мыйзамга ылайык ротация иретинде бирдей даражадагы кызмат орунга жылдыруудан кызматкердин жүйөсүз себептер менен баш тарткандыгына байланыштуу;

12) кызматкердин шайланма кызмат ордуна дайындалышына байланыштуу;

13) ишенимди жоготкондугуна байланыштуу.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 4, 12 жана 16-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты бузуу кызматкердин демилгеси менен гана жүзөгө ашырылат.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5, 6, 8, 10, 11, 13-15 жана 17-пункттарында, ошондой эле 3-бөлүгүнүн 2, 4-8, 10-13-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты бузуу укук коргоо органынын демилгеси менен гана жүзөгө ашырылат.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 7, 9 жана 15-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты бузуу контракттын тараптарынын биринин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.

7. Ушул берененин 2-бөлүгүнүнүн 1, 4, 7-9, 12 жана 16-пункттарында жана 3-бөлүгүндөгү 1 жана 3-пункттарында каралган контрактты токтотууга же бузууга бир эле учурда бир нече негиз бар болгондо кызматкердин тандоосу боюнча ушул негиздердин бири боюнча келишим токтотулат же бузулат.

8. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6, 11, 13 жана 14-пункттарында жана 3-бөлүгүнүн 5, 7, 8, 10 жана 13-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты токтотуу же бузуу жумуштан бошотууда терс негиздер болуп эсептелет.

9. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6, 10, 11, 13, 14, 16, 17-пункттарында жана 3-бөлүгүндө белгиленген негиздер боюнча бошотулууга тийиш болгондон тышкары учурларда, иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алуусуна 3 жылдан көп эмес убакыт калган кызматкер бошотулушу мүмкүн эмес. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугуна ээ болуу үчүн мындай кызматкер менен зарыл мөөнөткө жаңы контракт түзүлөт.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-81)
