# 76-берене. Кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык укуктарынын кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 76-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-76

---

1. Балдарын атасыз (энесиз) багып жаткан кызматкер мыйзамга жана башка үй-бүлөнү жана балалыкты коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды пайдаланат.

2. Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдөрдө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт.

3. Укук коргоо органынын окуу жайынын курсанты курман болсо (өлсө), сөөк коюуга жөлөкпул укук коргоо органынын катардагы курамынын төмөнкү кызматтык маянасынын өлчөмүндө чегерилет.

4. Кызматкердин балдарына анын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелерден кезексиз тартипте орун берилет.

5. Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкердин балдары баштапкы жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларга конкурстан тышкары өтүү укугунан пайдаланат.

6. Кызматкер көчүүгө байланышкан башка кызмат орунга (окууга) которулганда, жубайынын ишинин эмгек стажы мурдагы иш ордунан бошонгон күндөн тартып 6 ай бою үзгүлтүккө учурабайт.

7. Кызматкер кызматтык кылмыш кылгандыгына байланыштуу, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана (же) муниципалдык менчикти уурдоого байланышкан кылмыш жасагандыгы үчүн кызматтан бошотулган учурда, аталган кызматкер укук коргоо органдарында иштегендиги үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү бардык жеңилдиктерден жана социалдык кепилдиктерден (пенсиялык камсыздоодон тышкары) ажыратылат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-77)
