# 75-берене. Эмгекке тартуунун кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 75-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-75

---

1. Укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн убакыт эмгек стажына жана мамлекеттик кызматтагы стажга эсептелет.

2. Кызматкердин бийик тоолуу райондордо, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мекемелеринде кызмат өтөгөн убактысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жеңилдетилген шарттарда эсептелет.

3. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кызматкерди кызмат өтөгөн мезгилде кызматка байланышпаган жумуштарга жана башка милдеттерди аткарууга тартууга жол берилбейт.

4. Кызматкерди кызматы боюнча башка аймакка которууда жергиликтүү бийлик органдары кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө алардын кайрылуусу боюнча кесибине ылайык жумушка орноштурууга жардам берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-76)
