# 74-берене. Кызматкердин өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруунун кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048173)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048173); 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=35853..55453>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 74-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-74

---

1. Кызматкердин өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин коргоосунда турат.

2. Кызматкер кызмат өтөгөндөн баштап аяктаганга чейин республикалык бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынат.

3. Кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда, ал ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте келтирилген зыяндын орду толтурулушуна укуктуу.

4. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу чыгымдары республикалык бюджеттин корголгон беренелери болуп саналат.

5. Кызматкер эгерде кызмат өтөө мезгилинде ден соолугуна келтирилген зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) кесепетинен өлсө же майып болсо, кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийинки бир жылдын ичинде камсыздандырылды деп эсептелет.

6. Кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен өлсө, анын үй-бүлөсүнө акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык акчалай үлүш өлчөмүндө камсыздандыруу суммасы төлөнөт.

7. Кызматкер кызмат өтөө мезгилинде ден соолугуна аны андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алса же ооруга чалдыкса, же болбосо кызмат өтөө мезгилинде ден соолугуна келтирилген зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) же оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин бир жыл өткөнгө чейин ага төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

1) I топтогу майыпка - камсыздандыруу учуру келген күнгө карата 10 жылдык акчалай үлүш;

2) II топтогу майыпка - камсыздандыруу учуру келген күнгө карата 8 жылдык акчалай үлүш;

3) III топтогу майыпка - камсыздандыруу учуру келген күнгө карата 5 жылдык акчалай үлүш.

8. Камсыздандыруу суммалары акыркы ээлеген кызматы боюнча ар айлык акчалай үлүштү 12ге (айлардын санына) жана тиешесине жараша 20, 10, 8 жана 5 (жылга) көбөйтүү менен эсептелет.

9. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же болбосо кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) мекемесиндеги текшерүүдө ушул беренеде көрсөтүлгөн себептерден улам майыптык тобу жогорулатылса, камсыздандыруу суммасынын көлөмү баштапкы камсыздандыруу учуру катталган күндөгү, жаңыдан бекитилген майыптыгы боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн жана мурунку майыптыгы боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.

10. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге ушул пунктта көрсөтүлгөн себептерден улам майыптыгы белгиленип, андан кийин ушул эле мезгилдин ичинде кызматкер өлсө, камсыздандыруу суммасынын көлөмү баштапкы камсыздандыруу учуру катталган күндөгү, өлгөн учурда берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн жана майыптыгы боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.

11. Камсыздандыруу суммаларын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду укук коргоо органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен төлөп берет.

12. Белгиленген тартипте төмөнкүлөр берилгенде камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз болуп саналат:

1) майыптуулук алган учурда - кесиптик эмгекке жарамсыздыгын жоготуу даражасы жана камсыздандыруу учуру боюнча майыптык тобун аныктоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;

2) жарадар болуунун, контузия, жаракат, залал алуунун жагдайлары жөнүндө акт;

3) ооругандыгы тууралуу күбөлүк;

4) курман болгон (өлгөн) учурда - өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; мурастоо укугу тууралуу күбөлүк;

5) камсыздандыруу суммасын алууга укуктуу жактын камсыздандыруу суммасын төлөп берүүгө арызы;

6) кызматкердин майып болгон же өлгөн фактысы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусу;

7) кызматкердин камсыздандыруу учуру келген күндөгү акчалай үлүшү тууралуу маалымкат.

Берилүүчү документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүү электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана мамлекеттик маалымат тутумдарын пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.

13. Камсыздандыруу суммалары кызматкер кызматтык милдеттерин аткарууга, түздөн-түз кызматта болууга, кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу ден соолугуна зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган, ал кызматтык текшерүүнүн, тергөөнүн жана медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталган, бирок ал үчүн андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаган учурда да төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:

1) ден соолугуна оор зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наамы боюнча кызматтык маянасынын 20 эсе өлчөмүндө;

2) ден соолугуна анча оор эмес зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наамы боюнча кызматтык маянасынын 15 эсе өлчөмүндө;

3) ден соолугуна жеңил зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наамы боюнча кызматтык маянасынын 10 эсе өлчөмүндө.

Кызматкер кызмат өтөгөн мезгилинде ден соолугуна алган зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) же оорулардын кесепетинен кызматынан төмөндөтүлгөн учурда, кызматынан төмөндөтүлөрдүн алдындагы акыркы кызмат орду боюнча алган акчалай акы (компенсация) укук коргоо органдарынын каражатынын эсебинен төлөп берилет. Ушул бөлүккө ылайык камсыздандыруу суммалары тиешелүү укук коргоо органынын сметасынын эсебинен төлөнөт.

14. Эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүдөй болсо, камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт:

1) Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкердин күнөөлүү, коомдук кооптуу жана жазалануучу деп таанылган жосунунун кесепетинен келип чыкса;

2) кызматтык текшерүүнүн, алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталгандай, кызматкердин мыйзамга каршы жосунунун же атайылап зыян келтирүүсүнүн кесепетинен келип чыкса;

3) (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте белгиленгендей, кызматкердин алкоголдон, баңги же ууландыруучу заттардан мас болгондугу менен түздөн-түз байланыштуу болсо;

5) Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган тартипте белгиленгендей, кызматкердин өз ден соолугуна атайылап зыян келтирүүсүнүн же өз өмүрүнө кол салуусунун натыйжасы болуп саналса.

15. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу учурун ырастаган документтердин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн кароо боюнча ведомстволук комиссиянын чечиминин негизинде төлөнөт.

16. Ден соолугуна келтирилген зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) же оорулардын олуттуулук даражасын аныктоо тиешелүү медициналык мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат.

17. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31, 2026-жылдын 11-июнундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-75)
