73-берене. Медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөө кепилдиктери
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 9-глава
1. Кызматкерге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде, бөлүмдөрдө жана бөлүктөрдө санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоочу-профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ден-соолугунун абалын үзгүлтүксүз контролдоо, медициналык жардамдын бардык түрүн көрсөтүү менен ишке ашырылуучу акысыз медициналык тейлөө кепилденет.
2. Кызматкер милдеттүү түрдө жыл сайын амбулаториялык же стационардык медициналык текшерүүдөн өтүп турат жана жеңилдетилген медициналык-социалдык, дары-дармектик жана протездик-ортопедиялык камсыздоо укугунан пайдаланат.
3. Кызматтан бошогон жана 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн кызматкер (терс жүйөлөр боюнча бошонгондорду копшогондо), ошондой эле кызмат өтөө учурунда жарадар болуунун (контузиянын), жаракаттын, кызматта болууга байланышкан оорунун кесепетинен майып болуп кызматтан бошонгон кызматкер иштеген жылдарына карабастан, бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде, бөлүмдөрдө жана бөлүктөрдө акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.
4. Кызматкер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ведомстволук санаторияларда жеңилдетилген шарттарда санаториялык-курорттук тейленүүгө укуктуу. Жеңилдетилген санаториялык-курорттук жолдомолор кызматкерге жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде жолдомонун наркынын 50 пайыз, үй-бүлө мүчөлөрүнө - 30 пайыз өлчөмүндө берилет.
5. Санаториялык-курорттук тейлөө укугу календардык эсепте 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөп, кызматтан бошонгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери (терс жүйөлөр боюнча бошонгондорду кошпогондо) үчүн да сакталат. Ведомстволук медициналык мекеменин корутундусу боюнча санаториялык-курорттук жана ден соолук чыңдоо мекемелерине дарыланууга жиберилгендерге жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде наркынын 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдетилген жолдомолор берилет.
6. Донор болуп саналган кызматкерге ошондой эле донорлук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка кепилдиктер жана артыкчылыктар берилет.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>