# 72-берене. Турак жай менен камсыздоо кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2025 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026443)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.04.2025 [Закон КР от 24 апреля 2025 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026443); 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=27497..31408>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 72-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-72

---

1. Кызматкер турак жай боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет тарабынан турак жай менен камсыздалат.

2. Кызматкерге жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун алуу кепилденет.

3. Жаранга жеке менчик укугунда таандык болгон турак жайды жалдоо же үчүнчү жак катары жалдоо келишими боюнча пайдалануучу кызматкерге укук коргоо органдарынын тиешелүү сметасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө компенсация төлөнөт.

4. Кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу майып болгон жана ага байланыштуу кызматтан бошонгон кызматкерге кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай биринчи кезекте берилет.

5. Кызматкер кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча биринчи кезекте турак жай алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу укугу берилет.

6. Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Тизмекке ылайык, бийик тоолуу райондорго, алыскы жана барууга кыйын зоналарга кызмат өтөөгө жиберилген кызматкердин ээлеген турак жай аянты (кызматтык турак жайлардан тышкары) чет өлкөдө же жогоруда аталган жерлерде кызмат өтөгөн бардык мезгилинде ээленип турат.

7. Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы боюнча пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерге, ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон же каза болгон кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик же ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүнөн ээлеп турган же ага берилген турак жай менчикке акысыз өткөрүп берилет.

71. 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн кызматкер, ал эми ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрү ага берилген кызматтык батирди тикелей сатуу жолу менен менчиктештирип алууга укуктуу.

8. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык )

9. Кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү, кызмат өтөгөн жана жашаган мөөнөтүнө карабастан, башка турак жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт.

10. Эгерде буга чейин мамлекет тарабынан турак жай менен камсыздалган кызматкер бир мамлекеттик органдан башкага которулса, жаңы иштеген жеринен турак жай шарттарын жакшыртуудан тышкары, турак жай алганга талапкер боло албайт.

11. Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттын кыскарышы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн, бошотулган мезгилде турак жай менен камсыздалбаган кызматкер акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай алууга (тиричилик шарттарын жакшыртууга) кезекте тургандардын тизмесинен өз макулдугусуз чыгарылбайт жана ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыздалат.

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматкерге социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилөөгө укуктуу.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-73)
