# 71-берене. Акчалай жана материалдык камсыздоо кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 71-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-71

---

1. Кызматкер республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен кызмат өтөө шарттарына, квалификациясына, атайын наамына жана кызмат өтөгөн мөөнөтүнүн узактыгына жараша акчалай күтүм (эмгек акы) менен камсыз болот.

2. Кызматкерлерди акчалай күтүм менен камсыздоо тартиби бирдей ченемдер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдөрдө белгиленет.

3. Кызматкерлер мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн аныкталган норма боюнча азык-түлүк үлүшү же үлүштүн акчалай компенсациясы менен камсыздалат.

4. Менчик транспортун кызматтык максатта пайдаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте акчалай компенсация төлөнүп берилет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-72)
