# 70-берене. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу кызматкерди кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 70-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-70

---

1. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу кызматкерди кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу укук коргоо органынын медициналык уюмунун, ал эми кызматкердин кызмат орду, жашаган жери боюнча же башка турган орду боюнча мындай медициналык уюм болбогон учурда - башка мамлекеттик же муниципалдык медициналык уюмдун эмгекке убактылуу жарамсыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу баракчасынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу баракчасынын формасын жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Кызматкердин эмгекке жарамсыздыгы башталган күндөн тартып төрт айдан кеч эмес же акыркы жылдын ичинде бул оору боюнча жалпы эмгекке жарамсыздыгы беш айдан кеч эмес (кургак учук менен ооругандарга 12 айдан кеч эмес) мезгилде, анын андан ары укук коргоо органынында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө же дарыланууну улантуу жөнүндө маселени чечүү үчүн кызматкер аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык күбөлөндүрүүсүнө жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Кызматкердин ден соолугунун абалы боюнча эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунун белгилери табылган учурда, ал эмгекке жарамдуулугун жана (же) майыптуулук фактысын аныктоо үчүн медициналык-социалдык экспертиза мекемесине жөнөтүлөт. Эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугун аныктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

5. Кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу же интернационалдык милдетин аткаруу учурунда (документалдык тастыкталган) жарадар болуу, контузия, травма же ден соолугуна башка зыян келтирүү менен байланышкан дарылануу мезгили аталган мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Травма алган же ден соолугуна башка зыян (оору) келтирилген кызматкер дарыгердик комиссиянын медициналык күбөлөндүрүүсүнө дарыланып бүткөндөн кийин, же залалдын, же оорунун аныкталган натыйжасына жараша жөнөтүлөт.

6. Кызматкер ооруп калса, медициналык уюмга кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде тикелей жетекчисине эмгекке жарамсыздык барагынын таризделген датасы жөнүндө маалымдоо менен оорусу тууралуу билдирүүгө

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-71)
