# 68-берене. Бала багуу боюнча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 68-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-68

---

1. Жашы жете элек балдары бар кызматкерлерге балдары 3 жашка толгонго чейин эмгек акысы сакталбаган бала багуу боюнча кошумча өргүү берилет. Кызматкердин каалоосу менен бала багуу боюнча өргүү кыскартылышы мүмкүн.

2. Бала багуу боюнча өргүү жалпы эмгек стажына, атайын наам ыйгаруу үчүн иштеген жылдарына, ошондой эле адистиги боюнча кызмат стажына (жеңилдик шарттарында пенсия чектөө учурларынан тышкары) эсептелет.

3. Бала багуу боюнча өргүүдө болгон мезгил кезектеги ар жылдык өргүүгө укук берүүчү жумуш жылына кирбейт.

4. Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин 6 ай өткөндөн кийин, учурдагы жылдагы кызмат өтөгөн мезгилге пропорциялуу түрдө, узактыгы 14 календардык күндөн кем болбогон кезектеги ар жылдык өргүү берүүгө жол берилет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-69)
