# 67-берене. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 67-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-67

---

1. Кызматкерлерге эмгекке убактылуу жарамсыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу баракчасынын негизинде, ушул мезгилге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет.

2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү кошулуп эсептелет жана төрөткө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан, толугу менен берилет.

3. Баланы 3 айга чейинки куракта асырап алган кызматкерге бала асырап алган күндөн тартып асырап алган бала төрөлгөн күндөн тартып 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет, ал эми эки же андан көп баланы бир убакта асырап алганда алардын төрөлгөн күнүнөн тартып 110 календардык күн берилет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өргүүлөр асырап алуунун сырын камсыздоо менен берилиши керек.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-68)
