67-берене. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 8-глава
1. Кызматкерлерге эмгекке убактылуу жарамсыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу баракчасынын негизинде, ушул мезгилге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет.
2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү кошулуп эсептелет жана төрөткө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан, толугу менен берилет.
3. Баланы 3 айга чейинки куракта асырап алган кызматкерге бала асырап алган күндөн тартып асырап алган бала төрөлгөн күндөн тартып 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет, ал эми эки же андан көп баланы бир убакта асырап алганда алардын төрөлгөн күнүнөн тартып 110 календардык күн берилет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өргүүлөр асырап алуунун сырын камсыздоо менен берилиши керек.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
67-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бошотуу баракчасынын негизинде, ушул мезгилге Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул … өргүүлөр асырап алуунун сырын камсыздоо менен берилиши керек.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-67" title="67-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>