# 63-берене. Кезектеги ар жылдык өргүүнүн узактыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 63-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-63

---

1. Кызматкерге кезектеги ар жылдык өргүү календардык иштеген жылдарын төмөнкүдөй тартипте эсепке алуу менен берилет:

1) 10 жылдан аз - мөөнөтү 30 календардык күн;

2) 10 жылдан 15 жылга чейин - мөөнөтү 35 календардык күн;

3) 15 жылдан 20 жылга чейин - мөөнөтү 40 календардык күн;

4) 20 жыл жана андан көп мөөнөтү 45 календардык күнгө.

2. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы бар кызматкерге кошумча 5 календардык күн берилет, ал эми илимдин доктору илимий даражасы, профессор илимий наамы бар кызматкерге 10 календардык күн берилет.

3. Зыяндуу жана өзгөчө шарттарда кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн же болбосо бийик тоолуу жана алыскы жерлерде, климаттык жана экологиялык шарттары оор жерлерде кызмат өтөгөн, же болбосо интернационалист жоокер болгон, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан кызматкерге узактыгы 10 календардык күн болгон кошумча өргүү күндөрү берилет.

4. Ченемге салынбаган жумуш күндөрү үчүн кызматкерлерге узактыгы 10 календардык күнгө чейинки кошумча өргүү күндөрү берилет.

5. Ушул беренеде каралган кошумча өргүү күндөрү кезектеги ар жылдык өргүү менен кошулуп эсептелет. Ошол эле учурда өргүүнүн жалпы узактыгы 60 календардык күндөн ашпоого тийиш.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-64)
