# 59-берене. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 59-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-59

---

1. Укук коргоо органдарында беш күндүк жумуш жумасы жана 8 сааттык жумуш күнү белгиленет.

2. Зарыл учурларда укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин жазуу жүзүндөгү чечими боюнча кызматкерлер ушул Мыйзамдын 63-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кошумча эс алуу күндөрүн берүү менен, белгиленген жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык, ошондой эле түнкү мезгилде, дем алыш жана майрам күндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.

3. Нөөмөттүү иште күндүзгү, кечки жана түнкү нөөмөттөрдүн узактыгы бирдей коюлат.

4. Зыяндуу шарттарда кызмат өтөөчү кызматкерлер үчүн жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет. Укук коргоо органдарында жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленген кызмат орундарынын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.

5. Кызматкерлердин зыяндуу шарты бар участоктордо иштөөсүнүн, ошондой эле мөөнөтүнөн тышкары жана түн ичинде иштөөсүнүн тартиби жана шарттары аталган мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.

6. Аскердик жана мобилизациялык даярдыкты камсыз кылууга байланыштуу машыгуулар, машыгуучулук-аскердик ок атуулар жана башка иш-чаралар жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы чектелбестен, жуманын кайсы күнүндө болбосун план боюнча так өткөрүлөт.

7. Кызматкердин жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынын режими укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан бекитилүүчү укук коргоо органынын ички кызматтык тартибинин эрежелеринде белгиленет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-60)
