# 56-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу фактысы боюнча кызматтык иликтөөнү жүргүзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 56-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-56

---

1. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна зыян келтирилген, ал өлгөн же ага материалдык зыян келтирилген ар бир факт боюнча, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга байланыштуу кызматкердин аракеттерине жарандардын даттануу менен кайрылган фактысы боюнча кызматтык иликтөө ушул иликтөөнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу укук коргоо органынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.

2. Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун укук ченемдүүлүгү же укук ченемсиздиги тууралуу корутунду чыгарылат.

3. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ушул Мыйзамда каралган кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун тартибин бузуу аныкталган учурда, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн корутундунун көчүрмөсү аныкталган бузууларга укуктук баа берүү үчүн кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулган жер боюнча прокуратуранын аймактык органына жиберилет.

4. Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусуна даттанган учурда, аталган фактыны мындан ары кароону кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулган жер боюнча прокуратура органы жүргүзөт.

5. Прокуратура органынын чечими белгиленген тартипте сот аркылуу даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-57)
