56-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу фактысы боюнча кызматтык иликтөөнү жүргүзүү тартиби
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 7-глава
1. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна зыян келтирилген, ал өлгөн же ага материалдык зыян келтирилген ар бир факт боюнча, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга байланыштуу кызматкердин аракеттерине жарандардын даттануу менен кайрылган фактысы боюнча кызматтык иликтөө ушул иликтөөнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу укук коргоо органынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун укук ченемдүүлүгү же укук ченемсиздиги тууралуу корутунду чыгарылат.
3. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ушул Мыйзамда каралган кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун тартибин бузуу аныкталган учурда, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн корутундунун көчүрмөсү аныкталган бузууларга укуктук баа берүү үчүн кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулган жер боюнча прокуратуранын аймактык органына жиберилет.
4. Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусуна даттанган учурда, аталган фактыны мындан ары кароону кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулган жер боюнча прокуратура органы жүргүзөт.
5. Прокуратура органынын чечими белгиленген тартипте сот аркылуу даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-56" title="56-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>