# 53-берене. Куралдуу кызматкердин жеке коопсуздугунун кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 53-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-53

---

1. Эгерде түзүлгөн кырдаалда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте куралды колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралса, кызматкер жеке коопсуздугун камсыздоо максатында куралын алып чыгууга жана аны атуу үчүн даярдоого укуктуу.

2. Куралын алып чыккан кызматкерге кайсы болбосун адамдын кызматкер ага көрсөткөн аралыкты кыскартуу менен жакындоого аракети, ошондой эле кызматкер өз өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү катары чечмелеши мүмкүн болгон башка аракеттерди жасоосу кызматкердин куралды колдонуусуна укук берет.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-54)
