# 47-берене. Курал колдонууга тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 47-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-47

---

1. Төмөндө аталган адамдар жарандардын, башка адамдардын же кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурларды кошпогондо, кызматкерге кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги ачык билинип турган адамдарга, жаш курактары анык же укук коргоо органдарынын кызматкерине белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата курал колдонууга тыюу салынат.

2. Кызматкер террордук актыларды алдын алуу (бөгөт коюу), барымтага алынгандарды бошотуу, топтошуп же куралдуу кол салуунун мизин кайтаруу максатында курал колдонууну кошпогондо, курал колдонуунун натыйжасында адамдар жабыр тартып калуусу мүмкүн болсо, жарандар жыш топтошкон учурда курал колдонууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-48)
