# 44-берене. Атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 44-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-44

---

Кызматкерге төмөнкү учурларда атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат;

1) төмөндө аталган адамдар жарандардын, башка адамдардын же укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурларды кошпогондо, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги ачык билинип турган адамдарга, жаш курактары анык билинип турган же укук коргоо органдарынын кызматкерине белгилүү болгон жашы жете электерге карата;

2) коомдук тартипти, транспорттун, байланыш каражаттарынын жана уюмдардын иштерин бузбаган, зомбулук мүнөздө болбогон чогулуштарга, митингдерге, демонстрацияларга, жүрүштөргө жана пикеттерге бөгөт коюу үчүн;

3) чет мамлекеттердин дипломатиялык же башка өкүлчүлүктөрү ээлеген жайларда. Эгерде ушул мамлекеттердин өкүлдөрүнөн ушундай өтүнүч түшсө гана, атайын каражаттар аталган жайларда колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-45)
