44-берене. Атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 7-глава
Кызматкерге төмөнкү учурларда атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат;
1) төмөндө аталган адамдар жарандардын, башка адамдардын же укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурларды кошпогондо, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги ачык билинип турган адамдарга, жаш курактары анык билинип турган же укук коргоо органдарынын кызматкерине белгилүү болгон жашы жете электерге карата;
2) коомдук тартипти, транспорттун, байланыш каражаттарынын жана уюмдардын иштерин бузбаган, зомбулук мүнөздө болбогон чогулуштарга, митингдерге, демонстрацияларга, жүрүштөргө жана пикеттерге бөгөт коюу үчүн;
3) чет мамлекеттердин дипломатиялык же башка өкүлчүлүктөрү ээлеген жайларда. Эгерде ушул мамлекеттердин өкүлдөрүнөн ушундай өтүнүч түшсө гана, атайын каражаттар аталган жайларда колдонулушу мүмкүн.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>