# 43-берене. Атайын каражаттарды колдонуу учурлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 43-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-43

---

1. Атайын каражаттар төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн:

1) жарандарга, башка адамдарга же кызматкерге кол салуу коркунучун же кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

2) кылмыштарды, укук бузууларды болтурбоо үчүн;

3) кызматкерге көрсөтүлгөн каршылыкка бөгөт коюу үчүн;

4) кылмыштарды, укук бузууларды жасоо учурунда кармалган жана кылмыш, укук бузуу жасалган жерден жашынып калууга аракет кылган адамды кармоо үчүн;

5) эгерде адам куралдуу каршылык көрсөтүүсү мүмкүн болсо, аны кармоо үчүн;

6) кармалган адамдарды жана кайтарууга алынган, соттолгон адамдарды, ошондой эле камакка алынган адамдарды жеткирүү, конвой менен коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн;

7) качуу аракетине бөгөт коюуда;

8) күч менен кармалган адамдарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, башка мүлктү жана жер участокторун бошотуу үчүн;

9) массалык башаламандыктарга жана коомдук тартипти топтошуп бузууларга бөгөт коюу үчүн;

10) кызматкердин токтотуу тууралуу мыйзамдуу талабын аткарбаган айдоочунун транспорттук каражатын токтотуу үчүн;

11) кылмыштарды, укук бузууларды жасап жаткан же жасаган адамдарды аныктоо үчүн;

12) кайтарылуучу объекттерди коргоо, укукка каршы аракеттерди жасаган жарандардын тобунун кыймылына бөгөт коюу үчүн;

13) мамлекеттик же адистештирилген кайтаруу объекттерине кол салуу коркунучун же болбосо кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

14) айланадагыларга, алардын мүлкүнө же өзүнө зыян келтирүү коркунучу жаралган учурда;

15) турак жай жана башка жайларга мыйзамдуу кирүүгө тоскоол болгон бекитилүүчү түзүлүштөрдү, элементтерди жана конструкцияларды бузуу үчүн.

2. Кызматкер ушул Мыйзам тарабынан куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга уруксат берилген бардык учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.

3. Кызматкерлер тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-44)
