# 39-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 39-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-39

---

1. Укук коргоо органынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды же куралдарды колдонуудан мурда аларга карата кара күч, атайын каражаттар же куралдар колдонулганы жаткан адамдарга ал ниети жөнүндө эскертүүгө, укук коргоо органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу үчүн мүмкүндүк жана убакыт берүүгө милдеттүү. Бөлүктүн (топтун) курамында кара күчтү, атайын каражаттарды же куралдарды колдонгон учурда, бөлүккө (топко) кирген укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бирөөсүнүн эскертүүсү жетиштүү.

2. Эгерде кара күчтүн, атайын каражаттардын же куралдардын колдонулушун кечиктирүү жарандын, башка адамдын же укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө жана (же) ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурса, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн болсо, ошондой эле күтүлбөгөн же куралдуу кол салууда, барымтага алынгандарды бошотууда, камактан курал менен же болбосо транспорт каражаттарын пайдалануу менен качууда, камактагы адамдар жүрүп бараткан транспорт каражаттарынан качканда, согуштук техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, дарыя, деңиз кемелерин пайдалануу менен кол салууда укук коргоо органдарынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды же куралдарды колдонуу ниети жөнүндө эскертпегенге укуктуу.

3. Укук коргоо органдарынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун натыйжасында денесинен жаракат алган жаранга же башка адамга алгачкы жардамды көрсөтүүгө, ошондой эле ага мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө медициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

4. Бөлүктүн (топтун) курамында укук коргоо органдарынын кызматкери ошол бөлүктүн (топтун) жетекчисинин буйруктарын жетекчиликке алып, ушул Мыйзамга ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонот.

5. Укук коргоо органдарынын кызматкери өзүндө атайын каражаттар, табелдик курал жок болгон учурда, атайын каражаттар жана куралдар үчүн ушул Мыйзамда белгиленген колдонуу тартибин сактоо менен, ушул Мыйзамда белгиленген максаттарга жетүү үчүн бардык жеткиликтүү каражаттарды жана укук коргоо органдарынын куралдануусунда турбаган башка куралды колдонууга укуктуу.

6. Укук коргоо органдарынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонгондо түзүлгөн кырдаалды, кара күч, атайын каражаттар, куралдар, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулуучу адамдардын иш-аракеттеринин мүнөзүн жана коркунуч деңгээлин, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан каршылыктын мүнөзүн жана күчүн эске алуу менен аракеттенет. Мындай учурда кызматкер бардык зыянды азайтууга умтулууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-40)
