# 36-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун укуктук негизи

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 36-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-36

---

1. Укук коргоо органдарынын кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуусунун укуктук негизин ушул Мыйзам жана кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

2. Укук коргоо органдарынын куралдануусунда болуучу атайын каражаттарды, куралдарды, ок-дарыларды, курал-жарактарды жана согуштук техниканын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

3. Ушул глава жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине карата да колдонулат, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине алар тарабынан укук коргоо функцияларын аткарып жаткан учурда жайылтылат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-37)
