# 35-берене. Укук коргоо органдарындагы кызматтык тартип

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 35-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-35

---

1. Укук коргоо органынын жетекчилиги жана тикелей жетекчи кол алдындагылардын арасындагы кызматтык тартиптин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Кызматтык тартипти камсыз кылуу жана чыңдоо максатында укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан кызматкерлерге карата Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

3. Укук коргоо органдарындагы кызматтык тартиптин маңызы, кызматкерлердин аны сактоо жана кармоо боюнча милдеттери, кызматтык тартипти кармоо боюнча жетекчилердин укуктары жана милдеттери, сыйлоо жана тартип жоопкерчилигинин чараларын колдонуу тартиби Укук коргоо органдарынын тартиптик уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-36)
