# 34-берене. Кызматын, атайын наамын калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 34-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-34

---

1. Кызматтан, кызмат ордунан негизсиз бошотулган, четтетилген же башка кызмат ордуна жылдырылган, же болбосо атайын наамынан мыйзамсыз ажыратылган деп белгиленген тартипте таанылган кызматкер укук коргоо органындагы кызматка, демек кызмат ордунда, атайын наамында калыбына келтирилүүгө тийиш.

2. Кызматкерди кызматта калыбына келтирүү үчүн укук коргоо органынын жетекчисинин чечими же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими негиз болуп саналат.

3. Кызматы калыбына келтирилүүгө тийиш кызматкер, анын макулдугу менен укук коргоо органдарында бирдей деңгээлдеги же төмөн турган кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.

4. Кызматы калыбына келтирилген кызматкердин аргасыз ишке келбеген убактысы ушул Мыйзамда белгиленген ар жылдык өргүүгө, стажы (иштеген жылдары) үчүн ай сайын берилүүчү кошумча акыга, иштеген жылдары үчүн пенсияга жана башка социалдык кепилдиктерге укук берген кызмат стажына, ошондой эле кезектеги атайын наам ыйгарылуучу иштеген жылдардын мөөнөтүнө эсептелет.

5. Кызматы калыбына келтирилген кызматкерлерге ал аргасыз жумушка келбеген убактысында укук коргоо органдарында мурун ээлеген кызмат орду боюнча белгиленген, албай калган (толук албай калган) акчалай күтүм төлөнүп берилет жана (же) акыркы кызмат орду боюнча алуучу акчалай күтүмдүн жана кызматында аргасыз үзгүлтүк болгон мезгилде алган иш жүзүндөгү эмгек акысынын ортосундагы айырма компенсацияланат.

6. Кызматкерди бошотуу, четтетүү жана жылдыруу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алган же кызматкерди мурунку кызмат ордунда жана (же) наамында калыбына келтирүү жөнүндө чечимди аткарууну токтотуп турган укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана жоруктар жана кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

7. Укук коргоо органынын кызматындагы кызмат ордун же бирдей деңгээлдеги кызмат ордун калыбына келтирүү укугуна аны белгиленген тартипте дайынсыз деп таанууга жана (же) өлдү деп жарыялоого (эгерде ал өзүнө тийиштүү эмес себептер боюнча кызматтык жагдайларга байланыштуу дайынсыз болгон учурда) байланыштуу кызмат өтөөсү токтотулгандан кийин пайда болгон адам, аны дайынсыз жана (же) өлдү деп таануу жөнүндө чечим сот тарабынан жокко чыгарылгандан кийин ээ болот.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-35)
