# 33-берене. Укук коргоо органынын кызматкеринин өздүк иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 33-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-33

---

1. Кызматкерлердин өздүк иши укук коргоо органдарынын кадр бөлүктөрү тарабынан таризделет жана жүргүзүлөт.

2. Өздүк иш негизги документ болуп саналат, анда кызматкердин кызматтык ишинин натыйжаларын мүнөздөөчү материалдар жана маалыматтар, ошондой эле ал жөнүндө башка маалыматтар камтылат.

3. Өздүк ишинде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана кызматтык сырды түзөт. Кызматкердин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жайылтууга тыюу салынат.

4. Кызматкерди бир укук коргоо органынан башка укук коргоо органына которууда анын өздүк иши жаңы кызмат өтөөчү жерине берилет. Бир кызматкерге бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт.

5. Өздүк иштерди жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк ишке киргизилүүчү маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларды алуу тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-34)
