# 31-берене. Өзгөчө шарттарда кызмат өтөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 31-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-31

---

1. Аскердик, өзгөчө абалдарда, антитеррористтик операция режиминде же мыйзамда каралган башка кризистик кырдаалдарда келип чыккан милдеттерди аткаруу үчүн кызматкерди анын макулдугусуз, укук коргоо органы аныктаган тартипте, календардык жылдын ичинде 6 айдан ашпаган мөөнөткө тартууга уруксат берилет.

2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өзгөчө шарттарда кызмат өтөө деп кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын өзгөчө же аскердик абалдын режими киргизилгенде, жабык мекемелерден качуулар болгондо, барымтага алганда, массалык башаламандыктарда, камакта кармалган адамдар жана соттолгондор топтошуп баш ийбегенде же ушул сыяктуу коркунучтар келип чыкканда аларды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөттө кызмат кылуусу түшүнүлөт.

3. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөөнүн өзгөчө шарттары деп өзгөчө же аскердик абалдын режими киргизилгенде, адамдар барымтага алынганда, массалык баш аламандыктарда кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын кызматы түшүнүлөт.

4. Кызматкердин ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган шарттарда иштөөсү эс алуу күндөрү жана мыйзамдарда белгиленген башка кепилдиктер менен милдеттүү түрдө компенсацияланат.

5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган учурларда кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызмат өтөөдөн баш тартуусу контрактты бузуу жана ушул Мыйзамга ылайык кызматтан бошотуу үчүн негиз болот.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-32)
