# 30-берене. Кызматкерди аттестациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 30-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-30

---

1. Кызматкерди аттестациялоо анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоо максатында 5 жылда бир жолу өткөрүлөт.

2. Аттестациянын жалпы принциптери болуп объективдүүлүк, баалоо критерийлеринин бирдейлиги, ачыктык жана үзгүлтүксүздүк саналат.

3. Эгерде ал өзү мындай каалоосун билдирбесе, кезектеги аттестациядан төмөнкү кызматкерлер өтүүгө тийиш эмес:

1) 20 жана андан көп календардык жыл кызмат өтөгөн;

2) кызмат ордун ээлегенине бир жыл боло элек;

3) убактылуу карамакта болууга жиберилген;

4) боюнда бар аял;

5) боюнда бардыгы же төрөгөндүгү боюнча өргүүдө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн.

Ушул адамдар өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес мөөнөттө аттестациядан өтөт.

4. Өргүүдө, иш сапарда жана дарыланууда жүргөн кызматкер жумушка чыккандан кийин 1 айдан кийин аттестациядан өтүүсү керек.

5. Кезексиз аттестацияларды жүргүзүүгө жол берилбейт.

6. Кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү үчүн укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан аттестациялык комиссия түзүлөт.

7. Аттестация кызматкердин катышуусунда гана жүргүзүлөт. Кызматкер жүйөлүү себептерсиз аттестацияга келбеген учурда тартиптик жоопкерчиликке тартылат, ал эми аны аттестациядан өткөрүү датасы жылдырылат.

8. Аттестациялык комиссиянын жыйналышы анын курамындагы мүчөлөрдүн кеминде үчтөн эки бөлүгү катышкан учурда өткөрүлөт.

9. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Кызматкерди аттестациялоонун натыйжалары боюнча аттестациялык комиссия төмөнкү чечимдердин бирөөсүн чыгарат:

1) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет;

2) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн резервге киргизүүгө сунушталат;

3) кайрадан аттестациядан өтүүгө тийиш;

4) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат ордуна жылдырылууга тийиш;

5) ээлеп турган кызматына ылайык келбейт жана укук коргоо органынан бошотулууга тийиш.

11. Кайрадан аттестациялоо баштапкы аттестация өткөрүлгөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбей жүргүзүлөт.

12. Аттестациялык комиссия кайрадан аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча кызматкердин ээлеп турган кызмат ордуна ылайыктуулугу, аны кызмат ордунан төмөндөтүү же кызматтан бошотуу жөнүндө чечим чыгарат.

13. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14. Аттестациялык комиссиянын чечими кызматкерди жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүү, кызматкерди ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү же аны бошотуу үчүн негиздердин бири болуп саналат.

15. Аттестациялык комиссиянын курамы, аттестацияны өткөрүү тартиби жана шарттары укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

16. Укук коргоо органдарынын билим берүүчү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларынын угуучулары, адъюнкттары, аспиранттары жана докторанттары окуусун аяктагандан кийин аттестациядан өтөт.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы" нын эскертүүсү: Берилген Мыйзамдын 30-статьясынын 3-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 30-статьясынын 3-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-31)
