Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Кызматкерди укук коргоо органынын кадрларынын карамагына алуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Кызматкер укук коргоо органынын кадрларынын карамагына төмөнкүдөй учурларда алынат:
1) кайра уюштурууга, жоюуга же штаттык санын кыскартууга байланышкан уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөргөндө;
2) сот органдары чыгарган чечимдин негизинде кызмат ордунан четтетилген күндөн тартып 3 айлык мөөнөт өткөндө;
3) тартиптик жаза берүүдө, аны төмөн турган кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогондо;
4) бул кызмат ордун мурун ээлеген кызматкер бала багуу боюнча эмгек өргүүсүнөн чыкканда;
5) бул кызмат ордун мурун ээлеген кызматкерди калыбына келтирүүдө, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;
6) укук коргоо органынын кызматкери дайынсыз болгондо;
7) ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкер чакыртып алынганда же убактылуу карамакта болууга жиберүү мөөнөтү аяктаганда.
2. Кызматкер кадрлардын карамагына 4 айдан ашпаган мөөнөткө алынат.
3. Бул убакыттын ичинде укук коргоо органы кызматкерге бирдей деңгээлдеги бош кызмат ордун эки жолудан кем эмес сунуш кылууга милдеттүү. Бирдей деңгээлдеги кызмат орду болбогон учурда кызматкерге башка кызмат орду сунушталышы мүмкүн.
4. Сот органдары чыгарган чечимдин негизинде кызмат ордунан четтетилгендигине байланыштуу кадрлардын карамагына алынган кызматкер жазыктык иш боюнча же болбосо укук бузуулар жөнүндө иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин кадрлардын карамагында турат.
Жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо учурларын кошпогондо, кызмат ордунан четтетилгендигине байланыштуу кадрлардын карамагында болгон убактысы жалпы эмгек стажына, ошондой эле адистиги боюнча кызмат стажына кошуп эсептелет.
5. Кадрлардын карамагындагы кызматкер милдеттүү түрдө жумуш убактысын эсепке алуу табелин түзүү менен кызматтын кызыкчылыгы үчүн ишке тартылышы мүмкүн.
6. Кадрлардын карамагына алынып жаткан жана учурдагы жыл үчүн ар жылдык кезектеги өргүүсүн пайдаланбаган кызматкерге өргүү ал кадрлардын карамагына алынгандан кийин берилиши керек. Кийин өргүү берилбейт.
Бул ченем эл аралык уюмдардан, мамлекеттер аралык органдардан жана чет өлкөлүк окуу жайлардан чакыртып алууга байланыштуу кадрлардын карамагына киргизилген, убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерлерге жайылтылбайт.
7. Кызматкер жумушка убактылуу жарамсыз болгон убакыт, өргүүдө жүргөн убакыт, ошондой эле бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди аткарган убакыт кадрлардын карамагында болуу мезгилине эсептелбейт.
8. Кадрлардын карамагына алуу тууралуу буйрук кызматкердин колун койдуруп алуу менен жарыя кылынат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же келбеген учурда тийиштүү акт түзүлөт жана анын жашаган жерине билдирме жөнөтүлөт.
9. Укук коргоо органынын кадрлардын карамагына алуу жөнүндө буйругу укук коргоо органында кызмат өтөөнүн токтотулганын билдирбейт.
10. Кадрлардын карамагында 4 ай болгондон кийин, кызматкер сунуш кылынган эки бош кызмат ордунан, анын ичинде төмөн турган кызмат ордунан баш тарткан учурда, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте укук коргоо органынан бошотулууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүмкүн болбогондо;
6) укук коргоо органынын кызматкери дайынсыз алынып салынды: болгондо.
кошулду: болгондо;
7) ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкер чакыртып алынганда же убактылуу карамакта болууга жиберүү мөөнөтү аяктаганда.
2. Кызматкер кадрлардын карамагына 4 айдан ашпаган мөөнөткө … карамагына алынган кызматкер жазыктык иш боюнча же болбосо алынып салынды: жоруктар кошулду: укук бузуулар жөнүндө иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин кадрлардын карамагында турат.
кошулду: Жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо учурларын кошпогондо, кызмат ордунан четтетилгендигине байланыштуу кадрлардын карамагында болгон убактысы жалпы эмгек стажына, ошондой эле адистиги боюнча кызмат стажына кошуп эсептелет.
5. Кадрлардын карамагындагы кызматкер милдеттүү түрдө жумуш убактысын … карамагына алынгандан кийин берилиши керек. Кийин өргүү берилбейт.
кошулду: Бул ченем эл аралык уюмдардан, мамлекеттер аралык органдардан жана чет өлкөлүк окуу жайлардан чакыртып алууга байланыштуу кадрлардын карамагына киргизилген, убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерлерге жайылтылбайт.
7. Кызматкер жумушка убактылуу жарамсыз болгон убакыт, өргүүдө жүргөн … белгиленген тартипте укук коргоо органынан бошотулууга тийиш.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>