# 28-берене. Кызматкерди убактылуу карамакта болууга жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 28-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-28

---

1. Укук коргоо органдарынын кадрларында калтыруу менен кызматкерди убактылуу карамакта болууга жиберүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында кызмат өтөө үчүн жиберүү;

2) эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга кызмат өтөө үчүн жиберүү;

3) кызматкерди кесиптик кайра даярдоодон өтүү, квалификациясын жогорулатуу же окуу үчүн 6 айдан ашык мөөнөткө жиберүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда кызматкерди кызмат өтөө үчүн жиберүү кызматкердин макулдугу менен, аталган органдардын ишин камсыз кылуу үчүн, тийиштүү органдын администрация, аппарат жетекчисинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда кызматкерди кызмат өтөө үчүн жиберүү кызматкердин макулдугу менен, укук коргоо органынын жетекчисинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

4. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кайра чакыртып алуу төмөнкүдөй учурларда укук коргоо органынын жетекчисинин чечими боюнча жүргүзүлөт:

1) убактылуу карамакта болууга жиберилген орган же уюм демилгелегенде;

2) беделди түшүрүүчү жосун жасаганда;

3) убактылуу карамакта болуу мөөнөтү бүткөндө;

4) кызматкердин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келгенде;

5) ошондой эле убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкердин өз каалоосу боюнча.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кайра чакыртып алуу тиешелүү органдын администрация, аппарат жетекчисинин макулдугу менен жүргүзүлөт.

6. Кайра чакыртылып алынганда кызматкер укук коргоо органынын карамагына келет жана жумушка орноштурулууга тийиш.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга мындан ары кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкер ал мындан ары кызмат өтөө үчүн жиберилген тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда же мамлекеттер аралык органдарда белгиленген эрежелер жана ченемдер боюнча акчалай күтүм (эмгек акы) менен камсыз кылынат.

8. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерге кезектеги атайын наам ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарылат.

9. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкер менен мурда түзүлгөн контракт убактылуу карамакта болуунун бардык мезгилине күчүндө калат.

10. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу анын акыркы ээлеген кызмат орду боюнча каралган чектеги атайын наамды эсепке албастан, ыйгарылган атайын наамда иштей турган жылдардын белгиленген мөөнөтү аяктаганда жүргүзүлөт.

11. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкердин жана анын үй-бүлөсүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген укуктары жана социалдык коргоо кепилдиктери сакталат.

12. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кызматтан бошотуу ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.

13. Кызматкерди укук коргоо органынын ичинде убактылуу карамакта болууга жиберүү тартиби жана шарттары укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-29)
